super.kg logo

Жалал-Абадда колуна чынжыр байланган кыздын окуясы. Мурда апасы менен жолугушуудан баш тартып келген кыз 2 айдан кийин жолугушту

 

Жалал-Абадда колуна чынжыр байланган абалда үйүнөн качып кеткен кыз 2 айдан ашык убакыттан кийин апасы менен жолугушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызмат көрсөтүү кызматынын башчысы Назира Жакыпова билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин кыз апасын көрүүдөн баш тартып келген.

“Өспүрүм кыз 19-февралда Жалал-Абад шаардык балдарды калыбына келтирүү "Акжол" борборуна алып келинген, бүгүнкү күндө да ушул борбордо болууда. Өткөн апта кыз апасын сагынганын айтып, аны менен жолугушууну суранды. Биз аны апасы менен жолугуштурдук, экөө кучакташып көпкө чейин ыйлашты. Алар бири-бирин сагынып калышыптыр. Буга чейин апасы кызы менен жолугушууну суранган, бирок кыз баш тартып келген. Учурда кыздын жүрүм-туруму өзгөрүлүп, чоң окуу жайга тапшырууну пландап жатат. Анын мындан башка да чоң ой-максаттары пайда болду. Буга кыздын чөйрөсү алмашканы да себеп болууда.

Учурда бул окуя боюнча учурда тергөө амалдары жыйынтыктала элек, аны апасына кайтарып берүү маселесин тиешелүү мекемелердин кызматкерлери карамакчы. Албетте, ар бир бала өзүнүн жакындарынын жанында болгону жакшы эмеспи”, - деди Жакыпова.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

19-февралда байпакчан, колуна чынжыр тагылган кыз ыйлап жаткан видео тараган. Кийин кыздын ата-энеси ал 6 айлык кезинде ажырашып кеткени жана аны апасы жалгыз тарбиялап келгени белгилүү болгон. Кийин өспүрүм кыз буга чейин да үйүнөн 2 жолу качып, кайра кайтарылганы белгилүү болгон. Окуядан кийин кыздын апасы жергиликтүү каналдардын бирине маек берип, анда өспүрүм жаман жолго түшүп, ичимдик ичип, клей жыттап калганын ачыктаган. Мындан кийин бул маалыматтар текшерүүгө алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.04.2019. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Акылы жок баладан Жараткан озу сактасын. Ата эне эч качан баласына жамандык каалабайт,жана да ата энедей эч ким мээрим тогуп жакшы корбойт."Балам балалуу болгондо билесин",деп бекер айтылган эмес. Баарыбызга ыйман,ынтымак берсин.
29.04.2019. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ынтымагы бузулбасын эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: