super.kg logo

Globus Улуу Жибек Жолунда. Токмокто жаңы супермаркет ачылды

 

Арзан баалары менен оозго алынган Globus дүкөндөр тармагы Токмок шаарында салтанаттуу түрдө жаңы заманбап, ыңгайлуу супермаркетти ачты. Көптөн күткөн окуяга коноктор да көп келип, салтка айлангандай Globus аларга эстен кеткис шоу-программа, кызыктуу сынактарды уюштурду.

Globus жаңы дүкөнү борбордук аянтка жакын жерде Ленин көчөсү 342 дарегинде жайгашты. Бул жерде ар бир адам өзүнө керектүү буюмдарды таба алат. Анын ичинде жаңы даярдалган азыктар, таттуулар, үй тиричилигинде, короодо колдонулуучу буюмдар, кир жуучу каражаттар бар.

Globus өсүп-өнүгүүдө

Токмокто дүкөндөр тармагынын 17-дүкөнү эшигин ачты. Буга чейин убадалангандай эле Globus Ош, Сокулук жана бүткүл Кыргыз өлкөсү боюнча жаңы дүкөндөрдү ишке киргизип жатат. Сөзсүз түрдө башка жаңы дүкөндөр дагы ачыла берет.

Globus тармагы бир гана борбор калаада эмес, Кыргыз мамлекети боюнча брендге айланууда. Буга компания өз кардарларына өзгөчө көңүл бурганы себеп, алар да дүкөндөр тармагынын өнүгүшүнө салым кошуп келишет.

Ооба! Баалар дайыма төмөн!

Globus гипермаркети жана супермаркетине болгон кызыгуунун өсүшүнүн негизги себеби - бул жеткиликтүү баалар. Соода тармактары менен өлкөдөгү мыкты өндүрүшчүлөр жана чет өлкөдөн товарларды алып келүүчүлөр кызматташат. Дүкөндөргө алып келүүдөгү атаандаштык кардарларга дайыма ыңгайлуу бааны сунуштоого кепилдик бере алат.

Күн сайын пайда!

Globus дүкөндөрүндө кардарлар үчүн түрдүү сунуштар, атайын акциялар уюштурулуп келет. Топтоочу карталардын ээлери арзандатууларды, белектерди ала алышат. "Күндүн товары" аталышындагы акция дайыма жүрүп турат. Бул кызыктуу товарлар жана жаңычылдыктар менен сатып алуучуларды күн сайын кубантуу үчүн дүкөн жана анын өнөктөштөрү тарабынан атайын даярдалган.

Ар бир Кыргыз жараны үчүн бирден Globus!

Globus жаңы гипермаркетинин майрамдык ачылышы жагымдуу маанайда өттү. Ар бир жаңы дүкөндүн ачылышы ушундай өтөт.

Globus – бардык жагында ыңгайлуулук бар төмөн баалардын дүкөнү!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.04.2019. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун,абдан кубанычтамын. Бул дагы онугуп- осуп жатканыбыздын кичинекей белгиси.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: