super.kg logo

Интернетке уран кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан компаниянын лицензиясын кайтарып алуу боюнча кат тарады

 

Интернетке уран кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан "Юр Азия Кыргызстан" компаниясынын лицензиясын кайтарып алуу боюнча кат тарады.

Катка Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев кол койгон.

“Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан "Юр Азия Кыргызстан" компаниясынын Кызыл-Омпол аянтындагы жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндө кат келип түшкөн. Кат апрель айында Жер казынасын пайдалануу лицензиялоо маселеси боюнча комиссиянын отурумунда каралып, жер казынасын пайдалануу укугу токтотулганын маалымдайт”, - деп жазылат комитеттин "Юр Азия Кыргызстан" компаниясына жазылган катында.

Аталган комитеттин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, бул кат "Юр Азия Кыргызстан" компаниясына жөнөтүлгөн.

Буга чейин биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов "Кызыл-Омпол" уран кенинде жүргүзүлүп жаткан иштер толугу менен токтотулганын айткан. "Бүгүнкү күндө компаниянын кенди казып алууга эч кандай акысы жок. Мындай укукту аларга эч ким берген эмес. Буга чейин чалгындоо иштерине гана уруксат берилген. Кен казуу үчүн өзүнчө лицензия алынышы керек. Түзүлгөн мамлекеттик комиссия кендин кийинки тагдырын чечүү боюнча иш алып барат", - деп билдирген Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.04.2019. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уранды өкмөт жаап салып туура кадамга барышты. Атамбаев убагында мөңгүгө каршы болобуз деп бир доп жаран каршы чыкканы менен ага карабай мыйзамды кабыл алып койгон. Азыр бийлик эл менен эсептешип жатат.
29.04.2019. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч кандай печать жок го.печать жок документти либойле адам жазап алат го
29.04.2019. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Shabi, kanday bilimi jok kishisiz. Kattin ustubdo nomer turbaybi turkelgen boyuncha. Nomeri bolgon son ech kanday pechat koyulbayt.
29.04.2019. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
umarbey,печать жок кагаз негизсиз болуп саналат!
29.04.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
umarbey,э билимдуу киши ушу.бул эмне сага садиктеги документ беле.печать жок мындай мамлекеттик документтер негизсиз болушу мумкун.темболье бул жон документ эмес,Бир чон кен жонундо соз болуп жатат.
30.04.2019. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shabi, Биринчиден эч бир мам.кызматта иштебей эле билгенди билбеген женет болуп урдура бербе. Печатьтын ордуна заголовкада толук адреси тиркелген номери менен жазылып турат го. Экинчиден бул маалым кат, печать обьязательно басылгыдай буйрук суйрук эмес!
29.04.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүгүн кайтарат,ууу-чууу басылгандан кийин кайра сатат. Бул бизнес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: