Уранды казууга каршы митингде Равшан Жээнбековдон микрофонду жулкуп алган жигит ким болуп иштегенин айтты

Уранды казууга каршы митингде саясатчы Равшан Жээнбековдон микрофонду алып койгон адам милиция кызматында иштебейт. Бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына Ички иштер министрлиги анын аталган кызматта иштебей турганын маалымдады. Буга чейин "ал жигит ИИМде иштейт" деген божомолдор айтылып, чагымчыл аракеттерди жасады деп сыпаттагандар болду.
“Равшан Жээнбековдон микрофонду жулкуп алган адам Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын кызматкери эмес. Бул адам милицияда да иштебейт”, - деп билдиришти ИИМден.
Ошол эле учурда микрофонду Жээнбековдон жулкуп алганы видеого түшүп калган адам бүгүн коомчулукка видеокайрылуу жасады.
“Мен укук коргоо органынын кызматкери эмесмин, балдар дарыгеримин. Аты-жөнүм Агзам Данияров. Уранга байланыштуу маселени саясатташтырбоону өтүнөм. Мен эч кимди үгүттөбөйм, үгүттөгөн дагы эмесмин”, - деп айтылат кайрылууда.
26-апрелде Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Ысык-Көл облусундагы "Кызыл-Омпол" уран кенин иштетүүгө каршы митинг өттү. Ага активисттер, коомдук ишмерлер катышты.
Митингдин алып баруучусу Улан Үсөйүн экс-депутат Равшан Жээнбековго сөз бербей, ортосунда микрофонду талашуу орун алган. Кийин Жээнбеков журналисттерге эмнеге ага сөз берилбегенин өзү түшүнбөй калганын айткан.
Уран казууга каршы митингде Равшан Жээнбековдон микрофон жулуп алган адам кайрылуу жасады









1 |