Уран чуусу. Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш келе жатат




Уран кенинин иштешине каршы митингдин катышуучулары Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш менен келе жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына Балыкчы шаарынын вице-мэри Алишер Таабалдиев билдирди.
Анын айтымында, Балыкчы шаарынын мэриясынын алдында митинг өттү. "Митингдин катышуучулары жөө жүрүшкө тыюу салынганына карабай Бишкекти көздөй бет алышты. Алар Балыкчыдан Бишкекке чейин жөө жүрүш жасамай болушту", - дейт Таабалдиев.
Жарандык активист Аманбол Бабакулов билдиргендей, жөө жүрүш менен 2 миңге жакын адам келе жатат.
Балыкчы шаардык соту Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүшкө тыюу салган.
Уранга каршылар Балыкчыдан Бишкекти көздөй жөө жүрүш менен келе жатат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
7

эл и так эле оздорунун жанын оздору багып атканда...