super.kg logo
  Саясат  

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов: "Сөз эркиндигине басым болсо тилектештик көрсөтүү керек"

 

Бир апта мурун эл аралык “Чек арасыз репортёрлор” укук коргоочу уюму Сөз эркиндигинин индексин (2019 World Press Freedom Index) жарыялады. Аталган уюм бул көрсөткүчтү 2002-жылдан бери жыл сайын түзүп келет. Соңку рейтингде Кыргыз өлкөсүнүн Сөз эркиндигинин абалы 15 позицияга жакшырган. Тагыраагы 180 мамлекет бар тизмеден 83-катарды ээлеген. Ага чейин 98-орунда болчу. Отчётту түзгөндөрдүн айтымында, Кыргыз өлкөсүндө абал жакшырууда, бирок мындан да жакшыртса болот.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсү Сөз эркиндигинин көрсөткүчү боюнча 15 тепкичке алдыга жылганын кандай баалайсыз?" деген собол салды.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Адил Турдукулов белгилегендей, Кыргыз мамлекети Борбор Азия аймагында сөз эркиндиги боюнча дайыма эң алдыңкы позицияларда болуп келет.

“Бирок акыркы убактарда жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко берүүлөр болду. Жарандык коомдун, оппозициянын күчү менен бул процесстер аягына чейин чыккан жок. Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү бүт арыздардан баш тартып, кадамдар туура эмес болгонун түшүнүп, билгенинин жыйынтыгы болду. Ошондуктан Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун 24.кг агенттигине, журналист Кабай Карабековго карата арыз берип, кайра алганы бул сөз эркиндигин муунтпаш керек экендигинин белгиси. Ошондой болсо деле сөз эркиндигин муунтуу боюнча коркунучтар көп эле. “Апрель” телеканалын саясатчы Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Ахматбек Келдибековдун сотко бергени, бийликтин камчысын чаап, сөз эркиндигин муунтканга аракет жасап жатканы бул чоң коркунуч. Буга чейин жарандык коом маалымат каражаттарын кандай коргоп келсе мындан кийин дагы ошондой колдойт. “Супер Инфо” гезитин Финпол аркылуу муунтканга аракет жасалды. Ошондо дагы жарандык коом, башка маалымат каражаттары тилектештик, колдоо көрсөткөн. Бул бийликти артка чегинтүүгө мажбур кылды. Сөз эркиндигине басым болсо тилектештик көрсөтүү керек”, - дейт Турдукулов.

Медиа эксперт Марс Тулегенов, журналисттер Кайыргүл Урумканова, Шайырбек Абдырахманов, Султан Каназаров, Кыргыз өлкөсүндөгү “Интерньюстун” өкүлчүлүгүнүн башчысы Элина Каракулованын пикирин бул топтомдон окуңуз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: