super.kg logo

"Ыңгайсыздык жаратпаш керек". Орусиянын элчилиги акча которууларга киргизилген чектөө боюнча түшүндүрмө берди

 
Орусиядан акча которууларга чектөө эмгек мигранттарына таасирин тийгизбейт. Мындай түшүндүрмөнү Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги таратты.
"Орусиядан айрым өлкөлөргө, алардын арасында Кыргыз Республикасына акча которуулар системиндеги чектөөлөр 16-апрелде киргизилген. Бул чечим жашыруун акчалай операциялар менен күрөшүү жана шектүү акча которууларды кыскартуу максатында Орусиянын Улуттук банкынын сунушуна ылайык кабыл алынган.
100 миң рублга чейин акча каражатты которууга чектөө, эсепти ачуусуз акча которууларга карата гана киргизилди. Ошентип, бул аракет каттоосуз ишкерлик менен алектенүүгө каршы багытталган.
Мигрант Орусиядан айына орто эсеп менен 500 доллардан (32 миң рубль) жөнөтүп турат. Буга байланыштуу чектөө Орусияда иштеп жаткан Кыргыз жарандарына ыңгайсыздык жаратпаш керек", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
30.04.2019. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таасирин тийгизди эле окшойт, мен эрте менен которо албай койдум, "превышен лимит" деп. Башка бир адамдын атына которгонго туура келди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: