super.kg logo

Антарктидада климаттын өзгөрүшүнөн улам пингвиндердин дүйнөдөгү эң ири тобу жок болуп кетүү коркунучунда турат

 

Антарктидада климаттын өзгөрүшүнөн улам пингвиндердин дүйнөдөгү эң ири тобу жок болуп кетүү коркунучунда турат. Акыркы үч жылда бир да пингвин төлдөгөн эмес. Бул тууралуу Antarctic Science журналы жазды.

2016-2017-жылдары жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына караганда император пингвиндер тобу жашаган континенттин муз катмары эрип баштаган. Буга байланыштуу пингвиндердин колониясы бөлүнүүгө учураган. Айрымдары жер которуп Halley Bay аймагынан көчүп кетишкен. Бир жылдан кийин жер которгон "мигранттардын" саны көбөйбөгөнү белгилүү болгон.

Окумуштуулар бул нерсеге Антарктидадагы климаттын өзгөрүшү себеп экенин белгилешүүдө. Halley Bay аймагындагы муздун эрте эришин дайыма көзөмөлдөп туруу мүмкүн болгон эмес. Спутниктен тартылган сүрөттөр аркылуу гана пингвиндердин тобун окумуштуулар көрүп турушкан. Halley Bay аймагында 25 миңге жакын пингвиндер жашагандыктан бул дүйнөдөгү эң ири пингвиндер тобу катары саналып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.04.2019. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Пингвин дейсиңер,бизде эшек деген жаныбар калдыбы,ыя
30.04.2019. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
eddi.,ошол ото глобалдуу маселе болуп жатат. Кызыл китепке киргизбесек болбойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: