super.kg logo

Мексикада АКШга жетүү үчүн жүк ташуучу поезддин үстүндө бара жаткан мигрант ачкадан каза болду

 

Мексикада АКШга жетүү үчүн жүк ташуучу поезддин үстүндө бара жаткан мигрант суусуз калып, ачкадан каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 23 жаштагы маркум башка мигранттар менен АКШга сапар алган. Алар бир нече саат бою тамак-ашсыз жана суусуз поезддин үстүндө күнгө какталып жол жүрүшкөн. Орто жолдон ал эс-учун жоготкон, көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан алы кеткен жигит каза болуп калган.

Өткөн аптада ушундай ыкма менен АКШга жетүү үчүн поезддин үстүнө жашынып бараткан 38 жаштагы мигрант кулап кетип колунан айрылганы маалым болгон. Мексиканын улуттук миграция институтунун жетекчиси Тонатиу Гилен Лопес 23-апрелде билдиргендей, акыркы 30 күн аралыгында Мексикадан кайра өз өлкөлөрүнө 15 миң адам кайтарылган. Ал эми акыркы 3 ай аралыгында Мексика аркылуу АКШга 300 миң адам өткөнү маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
30.04.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларда бир бечараларда байкуштар, латиноамерикада жашоо оор эле
30.04.2019. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өтө оор жашоо латын Америкада. Америка континентинде өзү АКШ жана Канада гана бардар өлкө.
30.04.2019. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
newman,туура айтасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: