super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

"Эң башкысы - моралдык колдоо". Азия чемпиондугуна катышкан балбан кыздар кандай сыйлыкка ээ болору тууралуу тиешелүү мекеменин жообу

 

Бүгүн, 30-апрелде Кытайдын Сиань шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунун жыйынтыктары боюнча маалымат жыйыны өттү. Жыйынга спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Күрөш федерациясынын вице-президенти, кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу жана балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова катышты.

"Чемпиондукка катышып, ийгиликке жетишкен балбандарга мамлекет тарабынан кандай сыйлык берилет" деген суроого Күрөш федерациясынын вице-президенти, депутат Динара Исаева "эң башкы сыйлык - моралдык колдоо" деп жооп берди.

"Балбан кыздарыбыз - өлкөбүздүн алтын фонду. Биз алар менен сыймыктанышыбыз жана сөзсүз түрдө колдоо көрсөтүшүбүз керек. Албетте, аларды шыктандыруучу сыйлыктарды берүүгө мүмкүн, бирок эң мыкты шыктандыруу - бул моралдык жактан колдоо. Тарыхта Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал сыяктуу энелерибиз болгон. Алардын мүнөзү биздин балбан кыздарыбызда бар. Бул эң башкысы", - деди Исаева.

Ал эми спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жоомарт Шамканов спортчуларды сыйлоо атайын комитет тарабынан ишке ашырыларын белгиледи.

"Спортчулар жетишкендиктери үчүн атайын түзүлгөн комитет тарабынан сыйланат. Азырынча ким, кандай сыйлык алары белгисиз. Балким, жыл аягында өтүүчү сыйлык тапшыруу аземинде спортчуларыбыз жетишкендиктери үчүн шыктандыруучу сый акчаларга ээ болот", - деди Шамканов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
30.04.2019. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Спорттун "С"сын түшүнбөгөн Динара Исаева не кылып отурат бул кызматта?
30.04.2019. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
bessmertiy,Айсулууга бир эки чаптырып койуш керек. Ошондо тушунөт"С"ны
30.04.2019. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмнеге ыссыгында берсенер болбойбу,ушул убака чейин ойлонуп койбодунарбы. Алар сүйүнүп утуп келсе биздин чондор жыл аягында берилет деп. Кирип кеткиле.
30.04.2019. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсынар кыздар. Сулуу болуп журо бергиле. Бар болгула. Билим, Спорт, искуство, маданият иштерге коп тартылгыла. Спорт маданият, искуство адамга руханий байлык берет. Кыздар эч убакта чокпогуло.
zhaku2017 түзөттү 2019-04-30 13:36:40
30.04.2019. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз кыздарына туболук данк.
30.04.2019. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чиновник ХХХХХ беришпесе капа болбогула, силер карапайым калктын сыймыгысынар! Эн негизгиси Кыргыз эли силер менен! Азаматтар. Чокпогуло эч качан. ХХХХ болуп отурганын.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-30 15:35:49
30.04.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Силердин моралдык колдооңорго зар болушкан жок Динара айым. Жеңиш менен келишти. Кыздарыбыз жана алардын машыктыруучулары миллиондогон сыйлыктарга татыктуу.
30.04.2019. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аткаминерлерге дагы моралдык коргоо эн башкысы, Жантай хан, Жакып хандар болгон биздин тарыхта. Ошолордун муноздорун камтыган биздин аткаминерлерибизге мындай сыйлык аздык кылбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: