super.kg logo

"Ворухтун жашоочулары Кыргыз жаранына караштуу унаанын айнегин сындырып койгондон улам чыр чыкты" дейт айыл өкмөт башчы

 

Кыргыз-Тажик чек ара аймагына жакын жайгашкан Ак-Сай айылында эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда чыр чыкты. Маалыматты Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Эргешбай Ниязкулов тастыктады.

Маалыматка караганда, окуя 28-апрелде болгон. "Айыл башчы жайлоого кетип жатканда тополоң чыккан экен. Балдар таш ыргытканда унаанын алдыңкы айнеги сынып калыптыр. Айыл өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшүү болду. Ага милициянын аймактык тескөөчүсү, чек ара кызматынын өкүлдөрү катышты. Унаанын айнеги сынганда келтирилген чыгымды төлөп беришти. Кырдаал азыр жакшы", - деди Эргешбай Ниязкулов.

22-апрелде Тажик жараны 9 жаштагы Кыргыз жаранын Ворух анклавына алып өтүп, милицияга берип койгондон кийин жаңжал чыккан эле. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн билдиришкен. Ак-Сай айылынын жашоочулары Тажикстандын жаранын жоопко тартууну талап кылышкан. Баткен ОИИБи коңшу өлкөнүн ички иштер органдарына таянып Тажикстандын жаранына карата кылмыш иши козголуп, убактылуу камакка алынганын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.05.2019. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоок уурдаганды деле камап атат го. бала уурдаганды неге жон коесунар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: