super.kg logo

Жогорку Сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартты

 

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия аны 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Соттук отурум саат 16:10до башталып, ага Жапаровдун тарапташтары, жактоочулары, ЖМК өкүлдөрү катышты.

Отурумга соттолуучунун 6 жактоочусу катышып аны актоо, кээ бири жаза мөөнөтүн кыскартуу өтүнүчтөрүн келтиришти. Прокурор болсо буга чейин Садыр Жапаровго карата чыгарылган соттордун чечимдери өзгөртүлүп, 10 жылга эркинен ажыратуу сунушун айтты.

Кеңешме залынан келген соттук коллегия Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү 1 жарым жылга кыскартылып, 10 жылга эркинен ажыратуу чечими кабыл алынганын айтты.

Окуянын чоо-жайы:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун иши 23-апрелде каралып, кайра 30-апрелге жылдырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(15)
30.04.2019. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Соке деле жарабады го ишке
01.05.2019. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tunerbei1812, Буюрса дегенге эле жарайт окшойт ал киши. Уй-булоолук клан болуп кетти биягы. Элдер айтса Сооронбай актанганын койбойт, докажите деп
30.04.2019. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бийликтегилер кудайдан коркпогон жепжутар экенсинер. Жепжуткан силер эркиндикте журосунор элим жерим деген адам турмодо олтурат. Кудайдын алдына барганда кантип жооп берет экенсинер озунорго эмес жети атанарга наалат кудайдын каргышы болсун
30.04.2019. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Садыр Жапаров буюрса акталып чыгат деген ойдомун
30.04.2019. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Демек Текебаев да чыкпайт окшойт.
01.05.2019. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kylychisa, Текебаев жаза отосун, Текебаев Кыргызстанга жакшылык кылса 2010 кылат эле, казына болушпой,а кыргызга куйгон чыныгы патриот Садыр Жапаров акталышы керек, болчу
30.04.2019. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акталат деп ишенгем, аттиң, эми 10 жыл отурабы өкүм чыгаргандарга миң наалат. Акыры акталат.
30.04.2019. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмне кеебир коментарияларды очуруп койуп жатасынар урматту админ.
Чындык ачуу болот адамга жакпайт.Мен чындыкты жазсам очуруп койуптурсунар.
Сокеге тан калам,олко башчыбыз оз олкосундогу болуп жаткан нерселерди корбогон корсода конул болбогон адилетсиз падыша болдуго аттин
01.05.2019. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Almaz.bim, эрежелерге туура келбеген билдирүүлөр өчүрүлөт жана колдонуучуга чара көрүлөт. Эрежелер тууралуу окуп чыгууну сунуштайбыз. https://www.super.kg/erejeler
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-01 09:47:55
30.04.2019. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сооронбай Шариповичти колдоп, оз колум менен добуш берген болчум, адашыптырмын.
Эч кайсы тармакта онугуу жок! Экономикада жылыш жок, ИДП томондоп кетти, азык-тулукко болгон баалар асман тиреп баратат, дыйкандардын маселеси чечилбей жатат, жок дегенде кадр саясатын туура жургузо албай жатат: губернаторлор уктап, согунгондор министрликте отурат, бир созду туура суйлой албагандар мэрликте отурат.Кыргыз элимден, урпактарымдан Сокеге добуш бергеним кечирим сурайм
Ysakov_Nur түзөттү 2019-04-30 21:55:24
30.04.2019. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ysakov_Nur,Лично,мен сени кечирбейм!
01.05.2019. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
barakcha, туура)))
30.04.2019. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммда чыгарып коюшса болмок
01.05.2019. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Миң наалат болсун өзүңөргө да кайтсын баардык нерсенин кайтышы бар билесиңер
01.05.2019. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттор коз каранды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: