super.kg logo

“Газпромнефть” уюштурган “Сапарыбыз бир программасына 3 жыл” акциясынын жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)

 

26-апрелде “Сапарыбыз бир программасына 3 жыл” акциясынын алкагында сонун белектер ойнотулду. Алар:

  • 3 iPhone XS Max
  • 3 Smart TV үлгүсүндөгү 40-дюймдук плазма сыналгы
  • 3 Sony PlayStation 4, ичинде "FIFA 19" оюну бар
  • G-Drive 95 үлгүсүндөгү 500 литр, 300 литр, 100 литр, 50 литр бензин куюуга 12 сертификат.

“Сапарыбыз бир программасына 3 жыл” акциясы Кыргызстандагы күйүүчү май сатуу рыногунда лоялдуулук программасынын 3 жыл иштегенине арналган. Бул акция “Газпромнефть” тармагында 2019-жылы 21-февралдан 24-апрелге чейин өткөн.

Анда 64 миң “Сапарыбыз бир” карталарынын ээлери катышты. Алар 323 миң виртуалдык билет топтошкон. Белектер онлайн режимде Random.org кызматын пайдалануу менен көз карандысыз байкоочулардын катышуусунда ойнотулду.

“Газпром нефть Азиянын” башкы директорунун орун басары Алишер Жолчуев:

“Сапарыбыз бир программасына 3 жыл” акциясы – бул биздин ишенген кардарларыбызга ыраазычылыгыбыз. Лоялдуулук программасынын 3 жылдыгына карата биз унаа ээлерине рахмат айтып, баалуу белектерди ойноттук. Сапаттуу күйүүчү майды пайдалануу, лоялдуулук картасы боюнча упайларды топтоо, катышуунун оңой жана ачык-айкын жолу, заманбап белектер – мунун баары “Сапарыбыз бир 3 жыл” акциясынын катышуучуларына жеткиликтүү болду. Биз ар дайым сапардагылар үчүн чоң иштерди жасайбыз!”

“Газпромнефть” май куюучу жайлар тармагы “Сапарыбыз бир программасына 3 жыл” акциясынын жеңүүчүлөрүн куттуктайт жана кардарларына катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет!

"Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасы - өзүңдүн пайдаңды танда!

Маалымат үчүн:

"Газпромнефть" тармагынын "Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасы - чогултулуучу, бонустук программа. Ал өлкөдө 2016-жылдан бери иштеп келе жатат, ага кошулгандардын саны 198 миң адамга жетти.

“Газпромнефть” май куюучу станцияларынын эң башкы артыкчылыгы жогорку сапаттагы күйүүчү майы болуп саналат. Май Орусиянын нефти иштетүүчү Омск НПЗ “Газпром нефть” ири ишканасынан түз алып келинет. Омск заводунда иштелип чыккан унааларга куюлуучу күйүүчү майдын бардык түрлөрү экологиялык жактан европалык стандартка жооп берген, жогорку сапаттагы ЕВРО-5 классына дал келет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: