super.kg logo

2007-жылы эки адамды мыкаачылык менен өлтүрүп, 12 жылдан бери издөөдө жүргөн шектүү Орусияда колго түштү

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 2007-жылы эки кишини өлтүргөн деген шек менен 12 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган шектүү Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 37 жаштагы А.Ш. аттуу жаран. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" жана "тоноо" беренелери боюнча иш козголгон.

2007-жылы Кара-Суу районунун Савай айылында 40-45 жаштагы аял менен эркектин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денелери каналдан табылган. Аял 1964-жылы туулган Кытайдын жараны Ванг Бо экени аныкталган. Ал көп жылдан бери аталган айылда жеке ишкерлик кылып келген. Ал эми эркек киши анын айдоочусу болгон.

Шектүүлөр 2007-жылдын 1-июль күнү жолдо бара жаткан ишкер аялдын унаасын токтотуп, эл жок жерге алып барып сабашкан. Андан соң аялдын 28 миң доллар акчасын алып, айдоочуну атып, ал эми аялды сабап өлтүрүшкөн. Кылмышты жашыруу максатында жансыз денелерин Савай суусуна ыргытып жиберишкен.

Бул факты боюнча ошол жылы шектүү катары 46 жаштагы Акыл Орозбеков жана Өзбекстанда туулган 44 жаштагы Бактыбек Юсаев кармалган. Ал эми 2014-жылы дагы шектүү катары 44 жаштагы Эркин Сыдыков колго түшүп, баары "адам өлтүрүү" беренеси менен айыпталып, эркинен ажыратылган.

Ал эми бул кылмышка шектүү катары саналган топтун төртүнчү мүчөсү 12 жылдан бери издөөдө жүргөн А.Ш. Санкт-Петербург шаарында кармалды. Ал жасалма паспорт менен аталган шаардагы тамактануучу жайда иштеп жүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.05.2019. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас,кебетиси коркунучтуу экен.
05.05.2019. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай жаңылыктарды окуй берсең жаныңдагы адамга деле ишениш кыйын болуп калат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: