super.kg logo

Бишкекте "акча уурдадың" деп таякеси унаага сүйрөткөн баланын апасы Орусиядан келе жатат

 

Бишкекте "акча уурдадың" деп таякеси унаасына сүйрөткөн 9 жашар баланын апасы Орусиядан келе жатат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады. Ошондой эле бул окуяны акыйкатчы Токон Мамытов өз көзөмөлүнө алды.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институтуна бул маалымат жеткен соң акыйкатчынын орун басары Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кат жолдогон. Катта тезинен баланын абалынан кабар алуу жана ал жашаган үй-бүлөнүн абалын текшерүү керектиги айтылган. Ошондой эле баланын мындан аркы жашоосу боюнча иш-чараларды баштоо тапшырмасы коюлган.

Ал эми акыйкатчы жабырлануучу бала жаткан №3 Балдар ооруканасынын дарыгерлери менен жана ал окуган мектептин директору менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

"Учурда баланын апасы Орусиядан учуп келе жатат. Бала ооруканадан чыккан соң балдарды коргоо социалдык мекемесине же кризистик борборго бара турганы боюнча маселе каралып жатат. Ошондой эле ага социалдык жана психологиялык жардам керек", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Окуя 27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда эртең мененки саат 8:00 чамасында орун алган. Анда таенесинин акчасын уурдады деп 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Балага мындай аёосуз мамиле кылганын көргөн кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Кийинчерээк баланын атасы каза болуп калган жана апасы Орусияда иштеп жүргөнү аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.04.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кагылып журойун кучук десе балалык кылып уурдап койгондурда. Жон айтып же эптей албаса Апасына алып кет же озун кара деп айтпаптырда Эми омур бою меесинде калат ушул балалык кездеги алган травма айыкпайт. Мага окшоп менин тайкем ушундай жоруктарды кылган эле мага соз укпайсын деп азыр 30га чыксам да эстеп жашып кетем
30.04.2019. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келе жатса жакшы экен кор дуйнону кубалабай баланы карасын келип азга шугур кылып
30.04.2019. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх жашоо...Жетимди кордогон тайакесине мин наалат!
01.05.2019. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындай көрүнүш болотта жаш кезде көпчүлүгүбүз эле алган болсок керек үйдөн акча уурдап магазинге барып ар нерсе алып жеп.
01.05.2019. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ох, жүрөгүм ооруп кетти. Байкуш бала. Балаңа чымын консо канча жүрөгүң ачышат, тайкеси ХХХХХ экен. Миллионун уурдап, чет өлкөгө качып барып, байып кеткенсип кылган кылыгын акмак. Өмүр бойу жүрөгүндө так калып, чоңойсо энеңин эки тойун көрсөтөт го.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-01 15:43:38
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: