super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Равшан Жээнбеков: “Уран - бул чоң саясий маселе деп айтканга эки себеп бар”

 

Акыркы 2 жуманын ичинде өлкөдө уран маселеси эң орчундуу болууда. Жүздөгөн жарандар уран казууга каршы митингдерге чыгып, кенде ишти токтотууну талап кылып жатышат. Ошол эле учурда бул тема боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун үн катпай жатканы, өкмөттүн айткан сөздөрүндө дал келбестиктер болуп жатканы, Кызыл-Омполдо уран тымызын казылып келген деп айтылганы коомдо нааразычылыктарды күчөтүүдө.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз жеринде уран казуу артында чоң саясат турушу мүмкүнбү?" деген соболуна экс-депутат Равшан Жээнбеков төмөнкүдөй жооп берди.

Ал уран темасы эмнеге чоң саясий маселе экенин түшүндүрдү. “Биринчиден, уран маселесин бийлик өкүлдөрүнүн бардыгы билишет. Экинчиден, Владимир Путин Кыргыз мамлекетине расмий сапары менен келгенде мамлекеттер ортосунда эки тараптуу келишимге кол коюлган. Бул боюнча Кремль да, Орусиянын президенти да билет. Ошондуктан уран бул чоң маанилүү саясий маселе деп айтсак туура болот”, - дейт Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, активист Бекназар Айталиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: