super.kg logo

Өкмөт: "Мыйзамдарда митинг катышуучуларына карата атайын каражаттарды колдонуу каралган эмес"

 

Өкмөт аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмесин жана аларды сактоо тартибин бекитүүгө тийиштүү түшүндүрмө берди. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмесин жана аларды сактоо тартибин бекитүү жөнүндө" өкмөттүн токтомуна тийиштүү төмөнкүлөрдү билдиребиз. Аталган токтом "Куралдуу күчтөрүнүн ички кызматынын уставы жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамын аткаруу максатында кабыл алынган. Ага ылайык, аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмеси жана аларды сактоо тартиби өкмөттүн чечими менен бекитилет. Атайын каражаттарды колдонуу тартиби өкмөт тарабынан эмес, өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн тармактык мыйзамдары менен аныкталат. Күч түзүмдөрүнүн бардык тармактык мыйзамдарында тынчтык митингдеринин жана жыйындарынын катышуучуларына карата атайын каражаттарды колдонуу каралган эмес", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: