Июнь айынан тартып Ташкент-Бишкек-Балыкчы поезд каттамы ишке кирет
Июнь айынан тартып Ташкент-Бишкек-Балыкчы поезд каттамы ишке кирет. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 6-июндан баштап аталган маршрут Өзбек темир жолу тарабынан жумасына 1 жолу каттам жүргүзүп турат.
"Каттам ар бейшемби күнү Бишкек убактысы боюнча саат 21:50дө Ташкент шаарынан чыгып, жума күнү 19:03тө Бишкек шаарына, ошол эле күнү 23:29да Балыкчы шаарына келет. Ишемби күнү таңкы саат 04:59да кайрадан Балыкчы шаарынан Бишкекке, 9:30да борбор калаадан Тараз, Шымкент шаарлары аркылуу Ташкент шаарына жөнөп кетет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, поезд Бишкектен Ташкентке чейин бардык чек ара пункттарын эске алуу менен 20 саат 30 мүнөттө жетет.
Билет баалары:
Бишкектен Ташкентке чейин плацкартта - 1946 сомдон башталат;
Купеде - 2461 сомдон башталат;
Люкс вагондо - 4602 сомдон башталат.
Мындан сырткары, жамаат менен жүрүүчү жүргүнчүлөргө билет сатып алууда адамдардын санына жараша 30 пайызга чейин жеңилдиктер берилет.


