Чемпиондор Лигасы: "Барселона" 3:0 эсеби менен "Ливерпулду" жеңип алды
2-майга караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын алкагында "Барселона" менен "Ливерпуль" командалары беттешти. "Барселонанын" футболчулары атаандаштарын 3:0 эсебинде жеңип алышты.
Испанияда өткөн оюндун 26-мүнөтүндө Луис Суарес эсепти ачты. 75-мүнөттө Лионель Месси гол киргизип, эсепти 2:0 кыла алды. Ошондой эле 82-мүнөттө дагы бир гол жаратып эсеп 3:0 болду.
Аргентиналык футболчу дубль жасап "Барселонадагы" карьерасында аткарган голдорунун санын 600гө жеткирди. Мындан сырткары бул футболчунун капитан катары ойногон жүзүнчү беттеши болуп калды.
"Барселона" 3:0 эсеби менен "Ливерпулду" жеңип алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:00
2025-11-07
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео
















ХХХХХХХ