Раим ата колдосун! Ахматбек Келдибековдун сөзүнөн жаңылган видеосу тарады
Кечээ, 1-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовдун атасы Исмаил Матраимовдун элесине арналган спорттук турнир өттү. Иш-чарага бийликтин бир катар өкүлдөрү катышканы сын пикирлерди жараткан. Тойго келгендердин арасында Ахматбек Келдибеков да бар. Ал трибунада сөз алып сүйлөп жатып, "Исмаил ата" атындагы фондду "Раим ата" фонду деп адашып атап алганы талкууга алынды. Андан ары Ахматбек Келдибеков "Келечекте "Райым ата" фонду да болот. Исмаил атанын балдарына чоң ыраазычылык билдиребиз" деп сөзүн оңдоп кеткен.
Райымбек Матраимовдун бир туугандары ар кандай мамлекеттик кызматтарды аркалайт. Алардын бири Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты, Исламбек Матраимов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматындагы (Финпол) башкармалыктардын биринде башчы, Тилек Матраимов Кара-Суу районунун акими.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов "Раим миллион", "Раим миллиард", "президенттердин капчыгы" деген каймана аты менен белгилүү.
Айтылуу Матраимовдордун тоюна депутаттар менен чиновниктер барган сүрөттөр:
Ахматбек Келдибеков "Райым ата" фонду деп адашып алды


Келдибековдун,жакшы адамдын душманы коп-дегени кулку келтирет.Жакшы адамдын досу коп болот.Тескерисинче жалан жегичтер досу болуп жатасынар,копчулук элге душман болдунар.