Токмокто катуу сабалган 61 жаштагы жаран каза болду. Анын өлүмүнө эки адам шектелүүдө




Токмокто оор кылмыш жасоого шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу 2-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-апрелде эртең мененки саат 07:00 чамасында Токмок шаардык ички иштер органдарына оор жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон жаран тууралуу кабар түшкөн. Факты "Ден соолукка оор залал келтирүү" боюнча каттоого алынып, сотко чейинки тергөө башталган. Маркум 61 жаштагы Г.Ф. экени белгилүү болгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 28 жаштагы С.Ф. жана 26 жаштагы З.У. кармалып, тергөө абагына камакка алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышка шектүүлөр мас абалда уруша кетип, маркумду сабап салышкан. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.