super.kg logo
  Спорт  

АФК Кубогу: "Дордой" клубу "Истиклолдон" ири эсепте жеңилип калды

 

1-майда Бишкектин "Дордой" клубу АФК Кубогунун тайпалык баскычындагы 3-оюнун өткөрдү. Беттеш Тажикстандын борбор шаарында "Истиклол" клубуна каршы өттү.

Оюндун 15-мүнөтүндө талаа ээлеринин жарым коргоочусу Алишер Жалилов 11 метрлик айып соккудан эсеп санын ачты. 43-мүнөттө дарбазачы Валерий Кошуба эреже бузуп, кайрадан "Дордойдун" дарбазасына пенальти дайындалды. Айып соккуну Фатхулло Фатхуллоев таамай аткарып, талаа ээлерин 2:0 эсебинде алдыга алып чыкты.

2-бөлүктүн алгачкы мүнөттөрүндө жарым коргоочу Михайло Сакичтин узаткан соккусу коргоочуларга тийип барып, кайрадан Кошубанын дарбазасынан орун алды. Арадан бир мүнөт өткөндөн кийин Мирлан Мурзаев алыскы аралыктан гол жаратып, гол айырмачылыгын кыскартканы менен, талаа ээлери оюнга 81-мүнөттө чекит койду. Бул ирет голдун автору 18 жаштагы чабуулчу Шахром Самиев болду.

Жыйынтыгында "Дордой" клубу 4:1 эсебинде жеңилүүгө дуушар болуп, 3 оюндун жыйынтыгы менен D тайпаcында акыркы орунга жайгашты. Бишкектик клуб алгачкы турда түркмөнстандык "Алтын Асыр" клубу менен тең чыгып 1 упайга ээ болсо, 2-турда тажикстандык "Худжанд" клубунан жеңилип калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: