Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин фотошоптон өткөн сүрөттөрү талкуу жаратты
Казакстандын президентинин расмий сайтындагы Касым-Жомарт Токаевдин сүрөттөрү жасалып, президент өз курагынан жаш көрүнүп калганы талкууга алынды.
Касым-Жомарт Токаевдин башка өлкөлөргө болгон иш сапарынан сүрөттөрү президенттик сайтка жайгаштырылганда моюну ичкерип, бырыштары азайып калган. Ал чет өлкөдөгү ЖМКларга жарыяланган сүрөттөрдөн кыйла айырмаланып турат. Касым-Жомарт Токаев 17-майда 66 жашка толот.

19-мартта Нурсултан Назарбаев отставкага кетерин жарыялаган. Ал өлкөнү 1990-жылдын 24-апрелинен тартып башкарып келген. Токаев 20-мартта президенттикке киришип, Астана шаарынын аталышын Нурсултан деп өзгөртүү сунушун киргизген. Парламент бул сунушту колдоп, Токаев 23-мартта борбор калааны Нур-Султан деп өзгөртүү боюнча документке кол койгон. Өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо 9-июнда өтөт.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















