super.kg logo

Парламентте балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жатакана куруу сунушталды

 

Депутат Махабат Мавлянова балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жатакана курууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Азыркы учурда ата-энеси жок жана кароосуз калган балдарга мамлекет тарабынан анчалык көӊүл бурулбай калды. Балдар үйүндө 12 миӊ бала бар, алардын 10 пайызы тоголок жетимдер. Бизди алардын кийинки тагдыры өтө тынчсыздандырат, анткени буга негиз бар. Алар колунда бир тыйыны жок көчөдө калгандыктан кылмышка аралашып кеткен учурлар арбын кездешет. Балдар үйүндө тарбиялангандар үчүн социалдык жатакана курулушу зарыл. Ошондой эле балдар үчүн банктарда депозиттик эсеп ачылышы керек. Анда топтолгон каражат алар балдар үйүнөн чыкканда колуна берилет жана жумушка орношконго чейин жашаганга болот. Ошондо балдар кылмышка аралашпай, жаман жосундардан алыс болушат. Мамлекет жетимдердин келечек тагдырын көӊүл сыртында калтырбоого тийиш", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.05.2019. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Админ жаны саны жок го???
02.05.2019. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tattusha, саламатсызбы! Гезиттин жаңы саны тууралуу айтып жаткан болсоңуз, дүйшөмбү күндөрү саат 9да порталга жарыяланат.
02.05.2019. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ой кечиресиздер мен бугун понедельник экен деп ойлоптурмун)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: