super.kg logo

Депутат: "Чоӊ-Алай аркылуу өтө турган Кытайдын газ түтүгү боюнча жергиликтүү тургундар тынчсызданууда"

 

"СССР убагында иштетилген урандын калдыктарынан арыла албай жатып, Ысык-Көлдө уран кенин каза баштаганыбыз коомчулук арасында нааразычылыктарды жаратууда" деп бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Ал мындай талаш-тартыш жарата турган көйгөйлөр башка тармактарда деле бар экенин айтты. "Мисалы, азыркы учурда Чоӊ-Алай аймагы аркылуу өтө турган Кытайдын газ түтүгү дагы жергиликтүү тургундардын арасында тынчсызданууну жаратууда. Эксперттер дагы газ түтүгү боюнча алымсынбай турат. Өкмөт мындай кырдаалды эстен чыгарбай, тийиштүү чараларды көрүшү керек. Газ түтүгүн алып өтүү үчүн ижарага жер берилип жатат. Эксперттердин айтымында, газ түтүгү 3 жылдын ичинде эле толук актайт. Кытай тарап андан жылына 600 миллион доллар өлчөмүндө пайда көрөт. Ал эми ижарага жерин берген кыргыз тарап 30-50 миллион доллар киреше алат экен. Мындай нерсе, албетте, калк арасында нааразычылык жаратпай койбойт. Өкмөт келишим түзөрдөн мурун, анын оош-кыйыш жагын кылдат иликтеп чыгып, анан бир чечимге келиши керек. Эгерде биз үчүн пайдасы жок болсо, анда келишимди бузуп койсо болот. Буга чейин деле айрым келишимдер бир тараптуу бузулган учурлар болгон", - деди Турсунбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
02.05.2019. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец бар экенсин го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: