super.kg logo

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кызыл-Омпол уран кени боюнча: "Инвесторду колдош керек"

 

Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Кызыл-Омпол уран кени маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов аталган комитеттин позициясын айтты. "Кызыл-Омпол уран кени боюнча биздин позиция - инвесторду колдош керек. Бирок эгер мыйзамсыз иш болсо, анда токтотобуз. Кызыл-Омполдогу уранды алып чыгып кетиш керек", - деди Осмонбетов.

Мындан бир аздан соң депутат Исхак Масалиев: "Осмонбетовдун инвесторду колдош керек деген сөзүн кандай түшүнсө болот?" - деп кайрылды.

Осмонбетов: "Инвесторлорду колдобосок экономиканы кантип көтөрөбүз. Бул сөздү жалпы айттым", - деди.

Масалиев бул жерде жалпы маселе талкууланбаганын эскертти. "Атайын органдын көз карашы ушундай болсо, биз менен пикири бирдей болбой жатат. Абайлап сүйлөш керек", - деди Масалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
02.05.2019. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок! Аттинай
02.05.2019. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба алар бизди эл аралык сотко берет, ооба биз соттон женилебиз, себеби биздин чондор оз билемдик менен 1 эмес 4жолу лицензия беришкен.
Бирок соттон женилебиз деп ишти уланта берген туура эмес, бизге коопсуз жаратылыш, дени сак олко, ууланбаган аба керек.
Кыргыз этим катуу туралы ушул маселеге.
Оз билемдик кылып эл менен эсептешпеген саясатчыларга сабак болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: