super.kg logo
  Спорт  

23 жашка чейинки кыргыз волейболчулары Орусияда өткөн мелдеште жеңүүчү аталышты

 

23 жашка чейинки спортчулардан куралган өлкөнүн волейбол боюнча курама командасы Орусияда өткөн эл аралык мелдештин алтын медалын жеңип алды. Бул тууралуу Волейбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Тилектештик кубогу" аталган мелдеш 1-2-май күндөрү Хабаровск шаарында өтүп, ага 3 мамлекеттен келген 6 команда катышкан. Кыргыз өлкөсүнүн курамасы "Жаштык" аталышында мелдешке катышып, тайпалык баскычта Тажикстандын "Памир" жана Хабаровск шаарынын "ДВГМУ" командасын жеңип алган.

"Жарым финалда кыргыз волейболчулары мелдештин учурдагы чемпиону Орусиянын "Чита" командасын жеңип алды. Ал эми финалдык беттеште Благовещенск шаарынын "Амурстрой" командасынын үстүнөн 3:1 эсебинде жеңишке жетишти", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз курама командасынын жыйынтыктары:

Тайпалык баскыч:

"Жаштык" - "Памир" 3:0
"Жаштык" - "ДВГМУ" 3:2

Жарым финал:

"Жаштык" - "Чита" 3:0

Финал:
"Жаштык" - "Амурстрой" 3:1






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.05.2019. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыңар жигиттер силер менен сыймыктанабыз.
02.05.2019. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Волейбол жакшы онугуп жатат мамлекет колдош керек чоң чоң турнерлерди откоруш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: