super.kg logo

Депутат: "Кызыл-Омпол уран кени боюнча өкмөттүн пикири эки анжы болуп элдин башын айлантты"

 

Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Кызыл-Омпол уран кени боюнча өкмөттүн пикири эки анжы болуп жатканын айтты.

"Жыйындын башында Эмил Осмонбетов, сиз Кызыл-Омпол боюнча уранды иштетүүнү колдошубуз керек деп айттыңыз, туурабы? УКМК уран казууга каршыбыз десе, аталган комитет макулбуз деп жатат. Өкмөттүн пикири эки анжы болуп элдин башын айлантты", - деп депутат Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдон сурады.

Осмонбетов жалпы инвесторлорду колдош керек деп айтканын билдирди. Момбеков Осмонбетовдон Кызыл-Омпол боюнча жеке пикири кандай экенин сурады. Комитеттин төрагасы элдин пикири кандай болсо, аныкы дагы ошондой экенин белгиледи.

Учурда жыйында Кызыл-Омпол уран кени маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.05.2019. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа эки пикир болсо анда уранды казалы дегиле.
02.05.2019. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдер акча чогултуп Жогорку Кеңешти уран чыккан жерге көчүрбөйлүбү үй-бүлө бала-чакасы менен ? Өздөрүнүн жон-териси менен сезип бизге айтышсын канчалык деңгээлде зыянсыз экенин ? Мектеп, бала бакча куруп беребиз балдарына. Аялдарына салон, сауна , эс алуу парктарды кошуп.
02.05.2019. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кобурок акча сунуштасан энесин деле сатып жиберет булар...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: