"Акча уурдадың" деп таякеси унаасына сүйрөткөн баланын апасы Орусиядан Бишкекке учуп келди



Бишкекте "акча уурдадың" деп таякеси унаасына сүйрөткөн 9 жашар баланын апасы Орусиядан келди. Бул тууралуу Балдарды коргоо лигасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, баланын апасы кечээ, 1-майда түнү келген. "Баланын апасы 3 күндөн бери уктабагандыктан азыр комментарий берүүгө даяр эмес. Ал эми баланын кубанычында чек жок. Азыркы тапта эне баласына камкордук кылуу менен алек болууда", - деп билдирет аталган лигадан.
Ал эми Акыйкатчы институту билдиргендей, баланын апасы келер замат Биринчи Май РИИБине суракка чакыртылган. Андан соң акыйкатчынын орун басары менен жолугушуу өткөргөн. Анда баланын апасы "балам ооруканадан чыгып, каникулу башталган соң өзүм менен кошо Орусияга алып кетем. Ал жакта бардык шарт түзүлгөн. Ал гана эмес, баламдын жалпы жарандык паспорту да бар", - деп билдирген.
Ошондой эле институттан баланын энесине инисине болушуп, өз баласына психологиялык кысым көрсөтпөөнү эскертишкен. Белгилүү болгондой, баланын апасы жогорку билимдүү. Орусияда чет тилден сабак берип, окуучуларга репетитор болуп эмгектенип келет.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Окуя 27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда эртең мененки саат 8:00 чамасында орун алган. Анда таенесинин акчасын уурдады деп 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Балага мындай аёосуз мамиле кылганын көргөн кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Кийинчерээк баланын атасы каза болуп калган жана апасы Орусияда иштеп жүргөнү аныкталган.



Досум пахта эксем тез бай боломбу жэ пахта сатсамбы десе .Досу айтат пахта коюп тизсен тез бай болосун дегендей жашоо ошондой болтат Тооба !!! Албетте бул темага такыр тиешеси жок бирок жинин келет экен да Ошол пахтанын айынан Мигрант болуп журуу.