"Өлкөдө үч айдын ичинде 136 митинг өтүп, 22 жаранга айып пул салынган" дейт ички иштер министринин орун басары
Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдыбек Дүйшалиев митингге чыккандардын канчасына айып пул салынганын жана Кызыл-Омпол уран кени боюнча Ички иштер министрлигинин пикири кандай экенин сурады.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 3 айдын ичинде 136 митинг өткөнүн айтты. "Анын 92си экономикалык, күнүмдүк жашоого нааразы болгондор. Калгандары саясий көз карашта болгон. 22 жаранга айып пул салынган. Ал эми уран казуу боюнча Ички иштер министрлиги калктын ден соолугуна зыян болсо уран кенинин иштешине каршыбыз", - дейт Асанов.
Учурда жыйында Кызыл-Омпол уран кени маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы угулуп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:08
2025-07-22

9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.