super.kg logo

Санкт-Петербургда Кыргыз жарандарын уурдоого шектелген уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргыз мекендештерин уурдап, зомбулук көрсөтүп, опузалап акча талап кылып жүргөн Кыргыз жарандарынан түзүлгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ИИМдин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө маалымат келип түшкөн. Анда уюшкан кылмыштуу топ Кыргыз жарандарын өлтүрөбүз деп коркутуп, күч колдонуу жолу менен акча каражаттарын чогултуп жүрүшкөнү айтылат. Андан тышкары адамдарды уурдап, алар айткан талаптар аткарылбаса туугандарын жазалай турганын айтып келишкен. Бул факты боюнча Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси "адам уурдоо, кылмыштуу оюн ишке ашыруу" менен иш козголгон. Шектүү катары жабыр тарткандардын аты-жөндөрү такталып, алар 29-апрель күнү колго түшүрүлгөнү айтылат.

"Алардын бири Ош облусунун Кара-Суу районунун 38 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну, ал Санкт-Петербург шаарында жана Ленинград облусунун “смотрящийи” болгон. Экинчи кармалган жаран Алай районунун 31 жаштагы Э.А. аттуу жараны. Ал жогорудагы адамдын жакыны болгон жана криминалдык чөйрөнүн адамдарынын бири. Алар ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары катталышкан. Шектүүлөр 30-апрель күнү Санкт-Петербург шаарында 2 айга камакка алынышкан", - деп билдирет басма сөз кызматкери.






Санкт-Петербург шаарында эки Кыргыз жараны кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.05.2019. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай каралар куйгузду , качан кыргыз учун пайдалуу иш кыласынар? Аран иштеп жургон кыргыздарды кордойсунар кайра.
03.05.2019. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тусуну карагыла арам тамак жей берип ХХХХХ окшоп калышыптыр ыйманы кетип ХХХХ кепетесине тушуп калышыптыр аллах жазасын берсин бул ХХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-03 09:24:34
03.05.2019. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Sema87, коомдук этиканы сактаңыз. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: