super.kg logo

Кыргыз-Казак чек арасында кезекте турган унаалар азайды

 

Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл өткөрүү жайында кезекте турган унаалардын саны азайды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Казак чек арасында учурда абал туруктуу. Кезекте 10 унаа токтоп турат, күндүз 30дан ашык унаа турган. "Кыргыз тараптан унаалар эч тоскоолдугу жок өтүп жатат. Ал эми казак тарап көзөмөлгө бир аз эрежелер киргизгендиктен текшерүүдө жогорудагыдай унаалар кезек күтүп жатат", - дешти мекемеден.

Буга чейин да аталган көзөмөл өткөрүү жайында көптөгөн унаалардан турган кезек пайда болгон. Казак бийлиги бул жагдайга 10 күн убакыт өткөндөн кийин гана түшүндүрмө берген. Тыюу салынган товарларды ташуу фактыларын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүп, керектүү учурларда унаалар дыкат текшерилип жатканы айтылган. Ошол эле учурда жүк ташуучулар өздөрү чек арадан өтүүнү каалабай жатышканы белгиленип, бирок айдоочулар каршы пикирде экендигин билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.05.2019. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эртен жаап салбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Кыргызстан баардык жактан коз карандыбыз. Депутаттар эки Жээнбековтун Раим миллиондун ХХХХ тоюна барганды эле билет.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-03 09:41:34
03.05.2019. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээмиииби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: