super.kg logo

"Элкарт" карталары менен "О!Деньги" капчыгы аркылуу комиссиясыз төлө

 

"Мой О!" тиркемесиндеги "О!Деньги" капчыгы ыңгайлуу жана функционалдуураак болуп калды. Эми колдонуучулар капчыкка Visa жана MasterCard карталары гана эмес, "Элкарт" картасын дагы кошуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. "О!Деньги" капчыгын "Элкарт" төлөм тутуму менен интеграциялоо накталай эмес төлөмдүн мүмкүнчүлүгүн бир кыйла кеңейтет жана өз смартфонуңдан дароо карта менен төлөмдөрдү жургүзүүгө шарт түзөт.

"О!Деньги" капчыгы аркылуу банктык карталарды колдонуунун 6 артыкчылыгы:

  1. Картаны тиркемеге кошуу оңой. Картанын маалыматтарын бир жолу көрсөтүү жетиштүү болот, андан кийин реквизиттерди киргизүүгө убакыт кетпейт.
  2. Тиркемедеги карта менен сиз дайыма төлөө ыкмаларын тандай аласыз: каражаттар жеткиликтүү болсо электрондук капчыктан, эгер капчыкта каражаттар жеткиликсиз болсо кошулган карталардан төлөсө болот.
  3. Кошулган банктык карта капчыкты дароо толуктоого мүмкүндүк берет, эми терминал издөөнүн кереги жок.
  4. Эч кандай ашык төлөмсүз! Каалаган банктын "Элкарт" карталары менен "О!Деньги" капчыгы аркылуу төлөм жүргүзүүдө комиссия алынбайт.
  5. Ар бир транзакция маалыматтардын коопсуздугу эл аралык PCI DSS стандартына ылайык корголгон.
  6. Картаны капчыкка кошуу менен сиз "Мой О! — менин ийгилигим" лотереясынын катышуучусу болосуз жана iPhone XR смартфонун же Hyundai Santa Fe автоунаасын утуу мүмкүнчүлүгүн аласыз. Кененирээк бул жерде: https://udacha.o.kg/ru/.

Тиркеме тууралуу:

"Мой О!" (http://o.kg/l/myo) — бул чыгымдарды көзөмөлдөөгө, тарифти тандоого, Гигабайттардын жана мүнөттөрдүн калдыгын кароого, ошондой эле ыңгайлуу "О!Деньги" капчыгы аркылуу интернетти, коммуналдык кызматтарды, онлайн-оюндарды, ЖКК айып пулдарын жана 300дөн ашуун сервистерди төлөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү функционалдык мобилдик тиркеме болуп саналат.

"О!Деньги" сервиси "Грин Телеком Сервис" ЖЧКсы тарабынан жеткиликтүү кызматтар тизмегинин алкагында көрсөтүлөт.
КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
02.05.2019. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң жакшы тиркеме "Мой О"
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: