super.kg logo

Баласын бала бакчада өлтүрүүгө аракет жасаган келин энелик укугунан ажыратылды. Наристени дарыгерлер үй-бүлөсү камкордукка алышкан

 

Ошто өз баласын бала бакчада тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет жасаган 26 жаштагы келин энелик укуктан ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди.

Анын айтымында, чечимди Ош шаардык соту 2018-жылдын 19-декабрында чыгарган.

"Энелик укуктан ажыратылганга чейин эле наристени камкордукка Кара-Суу районунун жашоочусу алган. Азыркы учурда Кара-Суу райондук соту баланы асырап алуу боюнча ишти карап жатат. Ал эми наристе бактылуу балалыкта чоңойууда. Тили чыгып, сүйлөп калган. Анан дагы абдан жакшынакай. Бул наристени дарыгерлер үй-бүлөсү камкордукка алган. Алар дагы абдан жакшы тарбия берип жатышат", - деди Раева.

2018-жылы Ош шаарындагы бала бакчалардын биринде келин баласын жаздык менен тумчуктуруп жатканда, аны көрүп калгандар баланы сактап калышканы маалымдалган.

Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, келин баласын никесиз төрөп, ата-энеси менен пикир келишпестиктер жаралып, үйүнөн чыгып кеткен. Турмуштан кыйналып, кризистик борбордо жашап, анын жардамында бала бакчага жумушка орношкон. 1 жаштагы наристесин ал ошол бала бакчада тумчуктурууга аракет кылган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.05.2019. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай адам кейпиндеги айбанга да салыштырганга болбогон ХХХХХ көбөйдү. Айбан да баласын өлтүрбөйт го. Буларды эл алдына алып чыгып асып салыш керек. Мындай маңкурттардан жакшылык болбойт. Коомдон жок кылыш керек мындайларды. Ушуга окшогондордун кесири башкаларга тийип жатат.Аллахым балдар кыздарыбызга акыл эс, ыйман берсин!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-05-03 09:57:30
03.05.2019. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей периштеде не күнөө? Күнөө өзүңдө акмак, никесиз төрөп балага да убал кылып, ата-энеңди кыйнап. Кийин өкүнүп, бармагыңды тиштээрсиң, энелик укуктан ажыратып ырас кылыптыр сени
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: