super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш өлкө аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу боюнча токтом кабыл алды

 

Бүгүн, 2-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Кызыл-Омпол уран кени маселеси боюнча өкмөттүн маалыматы угулду. Токтом добушка коюлуп, жалпы 108 депутат каттоодон өтүп, 90 эл өкүлү "макул" деп добуш берди. Ал эми каршы добуш бергендер болгон жок.

Токтомго ылайык, калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы эске алынды. Өкмөткө коомдук резонансты эске алуу менен калктын ден соолугуна, айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон радиоактивдүү элементтер камтылган уран кен чыккан жерлерге геологиялык чалгындоо иштерине тыюу салуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" мыйзамдын сакталышы боюнча текшерүү ишин жүргүзүү сунушталды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Умбеталы Кыдыралиев коомдук резонансты эске алуу менен деген жерди токтомдон алып салуу керектигин айтты. "Парламент коомчулук көтөргөн гана маселеге реакция кылгандай болуп калат", - дейт Кыдыралиев. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз өлкөсү демократиялуу мамлекет экенин, чындап эле уран көйгөйүн биринчилерден болуп эл көтөрүп чыкканын белгиледи.

Токтомдун аткарылышы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлдү.

Дастанбек Жумабеков: "Парламент саясий чечим кабыл алды. Кыргыз мамлекетинин бардык аймактарына тийиштүү болгон уран кени иштетилбейт, чалгындоо иштерине тыюу салынат. Токтомдун максаты ушул болду", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: