super.kg logo
  Саясат  

"Райымбек Матраимовдун маселесинде кызыкчылыктардын кагылышы бар" дейт экс-депутат Алишер Мамасалиев

 

Кечээ жана бүгүн Матраимовдордун тою кызуу талкууда. Бул тойго барган бийлик өкүлдөрү жана депутаттар катуу сынга алынып жатышат.

SUPER.KG порталынын "Матраимовдун тоюна депутаттар менен чиновниктердин жоон тобу барганын кандай баалайсыз?" деген соболуна экс-депутат Алишер Мамасалиев төмөнкүдөй жооп берди.

"Матраимовдун тоюна мынчалык көп мамлекеттик жетекчилердин келгенин Көчмөндөр оюндарында да көргөн эмесмин. Депутаттар парламенттик сессияга да анчалык келишпейт. Искендер жана Райымбек Матраимовдордун иш-чарасына көп жетекчилер жана чоң саясатчылар барса, демек, бул үй-бүлөнүн саясий аброю бийик жана таасири күчтүү.

Бул жерде бир маселе бар. Өткөндө президент Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тапшырган. Текшерүү бүтө элек. Матраимовдун маселесинде кызыкчылыктардын кагылышы бар", - деди Мамасалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясий серепчи Даниел Кадырбеков, журналист Мирбек Айтикеев, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: