super.kg logo

Таиланддын падышасы өзүнүн жан сакчысына үйлөндү

 

Таиланддын падышасы Маха Вачиралонгкорн өзүнүн жан сакчысы, жеке күзөт кызматчысынын башчысына үйлөнүп, ага ханыша титулун берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Падыша акыркы жылдары Сутхида Тиджай менен коомчулукка бир нече ирет чыгып, бирок экөөнүн мамилеси расмий ачыкталган эмес.

Падышалыктын расмий билдирүүсүндө Вачиралонгкорн "жубайы, генерал Сутхида Вачиралонгкорн На Айудхага ханыша титулун жана падыша үй-бүлөсүнүн мүчөсү макамын берүү чечимин кабыл алды" деп айтылат.

Маха Вачиралонгкорн 2016-жылы такка отурган. 66 жаштагы падыша буга чейин үч жолу үйлөнүп, ажырашкан. Анын мурдагы аялдарынан 7 баласы бар. Ал 2014-жылы Thai улуттук авиакомпаниясынын стюардессасын өзүнүн коопсуздук кызматынын башчысынын орун басарлыгына дайындаган. Эки жылдан кийин ага армиянын генералы деген чин берген. Падышанын тою үй-бүлөсү, кеңешчилеринин курчоосунда өткөн. Экөөнүн үйлөнүү тою телекөрсөтүү аркылуу берилген. Анда падыша жубайы Сутхиданын башына ыйык сууну куюп жатканы көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
03.05.2019. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
66 жашта тура береби
03.05.2019. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Sakubek,турган үчүн 7о бай 8О байлар чыгып ататта
03.05.2019. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Sakubek, жеген ичкениң зыңк болсо 60-70 деле тура берет. Кытайдын тамак ашын колдонсоң 40 га жетпей тынчыйсың
03.05.2019. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
корунушу 40 жаштагыдайго жаш корунот экен
03.05.2019. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мурдагы замандагыдайго падышанын жашоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: