Парламентте окуучулардын билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды
Кечээ, 2-майда Жогорку Кеңеште мектеп окуучуларынын өлкөнүн билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды.
Маалыматка ылайык, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамда жалпы билим берүүнүн бардык үч деңгээли - башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто жалпы билим берүү кепилденет. "Бир жылда орто эсеп менен өспүрүмдөр тарабынан жасалган 980 жана өспүрүмдөргө карата жасалган 1070 кылмыш иши катталды. Ушул тапта 9-классты бүтүргөн 13 миңден ашуун бала билимин андан ары уланткан жок. Ал эми 15-16 жаштагы балдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жок, эмгек мыйзамында чектөөлөр болгондуктан аларды ишканалар жумушка албайт. Ошондон улам негизги жалпы билим алган жактарга милдеттүү акысыз билим берүү чарасын киргизүү демилгеси сунушталууда", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
Демилгечилер Мирлан Жээнчороев, Дастанбек Жумабеков, Аалы Карашев, Дастан Бекешев, Төрөбай Зулпукаров, Жаныбек Бакчиев, Садык Шер-Нияз, Асылбек Жээнбеков, Экмат Байпакбаев, Канатбек Исаев жана башкалар.


