super.kg logo
  Спорт  

Испаниялык футболчу Хави карьерасын жыйынтыктай турганын айтты

 

Футбол боюнча Испания курама командасынын жана "Барселонанын" мурдагы жарым коргоочусу Хави бул сезондун бүтүшү менен карьерасын жыйынтыктай турганын айтып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал "бул мен үчүн оюнчу катары чыккан акыркы сезон. Бирок машыктыруучу катары мени келечекте кандай нерселер күтүп жатканын билгим келип жатат" деп билдирген.

39 жаштагы футболчу катарлык "Аль-Садд" клубунда ойноп жаткан. Бул клубга ал 2015-жылы өткөн эле. Кийинки сезондо дал ушул команданын машыктыруучусу болору айтылды.

Хави Испания курама командасы менен 2010-жылы Дүйнө чемпиону, 2008 жана 2012-жылы Европанын чемпиону болгон. "Барселона" үчүн 1998-жылдан тартып 2015-жылга чейин ойноп, Чемпиондор Лигасын 4 ирет, Испания чемпиондугун 8, Испания Кубогун 3 жана Испаниянын Суперкубогун 6 жолу жеңип алышкан. 4-апрелде "Аль-Садд" клубунун курамында ойноп Катардын чемпиондугун жеңип алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.05.2019. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Барсанын келечектеги тренери!
03.05.2019. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Футболго кошкон салымына таазим.Рахмат баарына.Мен барсанын фанаты болбосом да.Кийинки тренердик жумушуна ийгилик
03.05.2019. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пойузу келсе жыйынтыктайтда анан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: