super.kg logo
  Спорт  

Лионель Месси "Барселона" үчүн 600-голун жаратты. Аргентиналык футбол жылдызынан кайсы клубдар жабыркаган?

 

2-майга караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын алкагында испаниялык "Барселона" клубу англиялык "Ливерпулду" кабыл алып, талаа ээлери ири эсепте жеңишке жетишти.

Беттештеги жалпы 3 голдун экөөсүн "Барселонанын" аргентиналык жылдызы Лионель Месси жаратты. Муну менен Месси өзүнүн клубдук карьерасындагы голдорунун санын 600гө жеткирди. Мындай жетишкендикке ал туптуура 14 жылда жетишти. Чабуулчу каталондук клубдун катарындагы алгачкы голун 2005-жылы 1-майда испаниялык "Альбасете" клубуна каршы оюнда жараткан.

5 жолку "Алтын топ" сыйлыгынын ээсинен 14 жыл ичинде 76 клуб жабыркаган. Алардын сап башында турган "Севильянын" дарбазасына Месси 36 жолу гол киргизсе, "Атлетико Мадридге" каршы оюнда 29, "Валенсияга" каршы 27 жолу айырмаланган. 4-орунда жайгашкан "Барселонанын" башкы атаандашы "Реал Мадрид" клубу чабуулчудан 26 жолу жабыр тарткан.

Ал эми европалык клубдардын арасынан футбол жылдызынын "сүймөнчүгүнө" айлангандар Англиянын командалары болуп эсептелет. Бул клубдар менен болгон оюндарда ал 26 гол жаратканга жетишкен.

Лионель Месси "Барселонанын" курамында 2004-жылдын 16-октябрында дебют жасаган. Бул аралыкта 683 беттеш өткөргөнгө жетишип, испан клубу менен биргеликте 4 жолу Чемпиондор Лигасын, 10 жолу өлкө чемпиондугун жана башка көптөгөн мелдештерди жеңип алган. Ошондой эле 5 жолку "Алтын топ", 5 жолку "Алтын бутса" сыйлыктарынын ээси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(6)
03.05.2019. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Месси супер!
03.05.2019. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куттуктайбыз Лео...
03.05.2019. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тируу Легенда.
Испанияда ойносо да Англиянын топ клубтарын жыртып журот.
03.05.2019. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
роналду деле 600голун киргизген аны деле жазып койсонор болмок
03.05.2019. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
arawan,менимче Роналду бир эле клубта эмес, жалпы карьерасында 600 киргизди окшойт
04.05.2019. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Роналдо спортинг юнайтед рела мадрид жана ювентус клубдары учун 600 гол киргизди а зборный португалия учун 87 гол кыргизген жалпысынан алганда роналдонуку коп бул факт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: