super.kg logo

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши кайра каралбай турган болду

 

Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши кайра каралбай турган болду.

Жогорку Сот буга чейинки өкүмдү өзгөртүүсүз калтырып, андан бир гана үй-мүлктү конфискацияга алуу тууралуу бөлүгүн алып салууну чечти.

Бүгүн, 3-майда Жогорку Сотто абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстеринин күчүнө киргенине байланыштуу кайра каралды.

Жактоочулар буга чейинки инстанциядагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүүнү жана кылмыш ишине тиешеси жок үй-мүлктөр конфискацияга алынбасын деп суранган.

Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталышып, 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
03.05.2019. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстанда эч качан акыйкаттык болбойт. Жалаң жеп ичкичтер, кошоматчылар, саткындар бийликте турганда оңолбой калдык го. Бул жактан жакшы келечекти элестетүү кыйын. Балдарыбыз үчүн башка жактарга барып иштеп аракет кылбасак башка айла жок.
03.05.2019. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жок,балдарыбыздын келечеги үчүн курошушубуз керек.Азыркы бийликтегилердин баарын кубалаш керек болуп калды.Эл үчүн ак иштеген С.Жапаровго окшогондор түрмөдө,элди тоноп карызга батыргандар азатты да чардап эл менен эсептешпей журүшөт.фбүл эмнедеген мамилекет болуп баратат
03.05.2019. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сокенин котур ташы бар экенда болбосо акталмак, эми дагы революцияга өздөрү элди түртүп жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: