super.kg logo
  Саясат  

Депутат Наталья Никитенко Текебаевдин иши боюнча: “Мактаган соттук реформа катуу сокку жеди”

 

Бүгүн, 3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул чечим коомчулуктун сот системине болгон нааразычылыгын жаратууда.

SUPER.KG порталынын "Жогорку Соттун Өмүрбек Текебаевди түрмөдө калтырганы адилеттүү болдубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко төмөнкүдөй жооп берди.

“Биз баарыбыз буга чейин болуп көрбөгөн чечимге күбө болдук. Мактаган кезектеги соттук реформа катуу сокку жеди. Сотто ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого бардык далилдер көрсөтүлгөн, бирок Текебаев менен Чотоновдун иши саясий тапшырма экенин баары түшүнүп жатышат. Алар саясий көз карашы үчүн абакта адилетсиз отурушат. Бүгүн соттордун жоопкерчилигин көрсөтөрүнө жана адилеттүү чечимдин чыгарына чоң үмүт болгон. Бирок бүгүн бул үмүттү үзүүгө аракет жасалды”, - деди Никитенко.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, Жарандык активист Адил Турдукуловдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: