super.kg logo
  Саясат  

Феликс Кулов Текебаевге карата соттун чечими боюнча: “Сот жоопкерчиликти бирөөгө жүктөп жатат”

 

Бүгүн, 3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул чечим коомчулуктун сот системине болгон нааразычылыгын жаратууда.

SUPER.KG порталынын "Жогорку Соттун Өмүрбек Текебаевди түрмөдө калтырганы адилеттүү болдубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Феликс Кулов төмөнкүдөй жооп берди.

Анын пикиринде, соттор 5 жылдан кийин ушундай тапшырма берилген деп айтышат.
“Ачык айтсам, бийлик “шал” болуп калды. Сот бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги жоопкерчиликти моюнга албайт. Анткени коркуп жатышат. Жогорку Сот буга чейинки өкүмдү өзгөртүүсүз калтырып, үй-мүлктү конфискацияга алуу тууралуу бөлүгүн алып салууну чечти. Президент түз команда бербейт. 5 жыл өткөндөн кийин соттор президент ушундай команда берген деп айтышат. Атамбаевди деле ушинтип айтып жатышат. Сот жоопкерчиликти бирөөгө жүктөп жатат”, - дейт Кулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, Наталья Никитенко, экс-депутат Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова, Жарандык активист Адил Турдукуловдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: