super.kg logo
  Саясат  

“Текебаевдин иши маңызынан каралбагандыктан кандайдыр бир башка жаңы чечим чыгышы мүмкүн эмес болчу” дейт Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова

 

Бүгүн, 3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул чечим коомчулуктун сот системине болгон нааразычылыгын жаратууда.

SUPER.KG порталынын "Жогорку Соттун Өмүрбек Текебаевди түрмөдө калтырганы адилеттүү болдубу?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, Текебаевдин иши жаңы кодекске карата жаңы жагдайлар менен каралды.
“Бул жерде иштин маңызы каралбайт. Жаңы кодексте жаза өтөө мөөнөттөрү өзгөртүлгөн. Ошону кайра такташ керек эле. Кодексте "мүлктү конфискациялоо" деген жаза катары каралбайт. Ошон үчүн конфискациясын алып салышты. Ал эми мурунку жазасы калды. Иш маңызынан каралбагандыктан кандайдыр бир башка жаңы чечим чыгышы мүмкүн эмес болчу”, - дейт Сооронкулова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, Наталья Никитенко, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, жарандык активист Адил Турдукуловдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: