super.kg logo
  Саясат  

“Текебаевге карата соттун чечими - президент убадалаган соттук реформанын башталбагандыгынын белгиси” дейт жарандык активист Адил Турдукулов

 

Бүгүн, 3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра карап, үй-мүлктү конфискацияга алуудан тышкары өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Бул чечим коомчулуктун сот системине болгон нааразычылыгын жаратууда.

SUPER.KG порталынын "Жогорку Соттун Өмүрбек Текебаевди түрмөдө калтырганы адилеттүү болдубу?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов төмөнкүдөй жооп берди.

"Текебаевдин күнөөсү жок, бардык соттук отурум далилсиз өткөн. Бүт процессуалдык нормалар бузулган, фактылар аныкталган эмес. Юрист эмес, жөнөкөй жаран дагы бул жерде абдан чоң мыйзам бузуулар болгонун тастыктап, көрсөтө алат. Ушуну бийлик көрүп туруп, жаңы жагдайлар боюнча Жогорку Соттун таптакыр карабай койгону - бул президент убада кылган соттук реформа башталбагандыгынын белгиси",- дейт Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, Наталья Никитенко, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулованын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: