Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп кетти
Бишкекте Хонда Фит унаасынын айдоочусу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 3-майда Сухэ Батор көчөсү менен Саякбай Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.
"Хонда Фит унаасын башкарган Б.Б. аттуу айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Бактыга жараша, жөө адам аман калып, ооруканага жеткирилди. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталып, тийиштүү экспертиза дайындалды. Ал эми унаа айып аянтчасына токтотулду", - дейт басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.