super.kg logo

"Орто-Сай" базарында бомба бар деп жалган маалымат таратканга шектелип 38 жаштагы жаран кармалды

 

2018-жылы Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарына жарылуучу зат коюлду деп соодагерлерди коркутуп, жалган маалымат таратканга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек ШИИББинин экстремизмге каршы кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, "Орто-Сай" базарына жарылуучу зат коюлду деп маалымат таратканга шектүү жаранды кармады. Кармалган жаран 1981-жылы туулган Э.А. аттуу Нарын облусунун тургуну болот", - дейт маалымат катчы.

Бул факт Октябрь РИИБинде катталып, чогултулган материалдар Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилген. Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен кылмыш иши козголгонун кошумчалады маалымат кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылы 16-майда саат 12:30дар чамасында 102 кызматына "Орто-Сай" базарына жарылуучу зат коюлган деп сатуучуларды белгисиз адам коркутканы тууралуу билдирүү түшкөн. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана ИИМдин кызматкерлери "Орто-Сай" базарынын аймагы курчоого алыган. Издөө иштеринин жыйынтыгында жарылуучу зат же башка шектүү буюмдар табылган эмес. Ал эми бомба тууралуу кабарлаган белгисиз адамды ыкчам-издөө иш-чаралары бүгүнкү күнгө чейин улантылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
04.05.2019. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мээси жок. Эми канча акчан,нервин кетет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: