super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Дүйнөлүк Универсиадада алтын медаль уткан Нурбек Акановго сузактыктар тулпар мингизишсе, шаардан 2 бөлмөлүү батир берилди

 
Облус башчы Жусубалы Торомаматов балбан Нурбек Акановду тосуп алды
Нурбек Аканов облус башчы, шаар мэри жана Сузак районунун акими менен
Төкмө акын Рахматулла Козукеев чемпионду куттуктап ырдады
Жалал-Абад облусунун башчысы Торомаматов Нурбек Аканов менен
Чемпионду куттуктоого келгендер
Жергиликтүү бийлик жетекчилиги спортчуга каалоо-тилек айтууда
Сузактыктар спортчуга тулпар мингизишти
Сузактыктар спортчуга тулпар мингизишти
Дүйнөлүк Универсиаданын алтын медалынын ээси Нурбек Аканов тулпар үстүндө
Дүйнөлүк Универсиаданын алтын медалынын ээси Нурбек Аканов тулпар үстүндө
Июль айында Татарстандын Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк Универсиадада бел боо күрөшү боюнча алтын медаль уткан Нурбек Акановду 30-июлда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусубалы Торомаматов баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери сыйлады. Облус башчы чемпионду жеңиши менен куттуктап, "Кыргызстан Дүйнөлүк Универсиададан 32 жылдан бери жеңишке жетише элек болчу. Кыргыз элине кут келип, спортчулар бир эмес эки алтын медалдын ээси болду",- деди. Спортчуга бийлик жетекчилиги баалуу белектерин тартуулашып, шаардан 2 бөлмөлүү батир берилерин айтты. "Балбаныбыз Курманбектей баатыр болсун" дешип, Сузак районунун тургундары спортчуга тулпар тартуулашты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: