super.kg logo

Интернет трафикти эсептөө боюнча ченемдик-укуктук актынын долбоорун май айынын аягына чейин киргизүү тапшырылды

 

Өкмөттө санариптик трансформациянын "Санариптик Кыргызстан" концепциясын аткаруу боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кирген жана чыккан интернет трафигин эсепке алуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маселени козгоду. "Жарым жыл мурда тийиштүү тапшырмалар берилген. Бирок бүгүнкү күнү бул багыттагы процессти тездетүү зарыл. Салык төлөмдөрү баштагыдай эле көмүскөдө калууда. Дагы бир ирет белгилей кетсем, интернет трафигин эсептөөнү жөнгө салуучу ченемдик-укуктук акты болушу зарыл", - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Экономика министрлигине 2019-жылдын май айынын аягына чейин кирген жана чыккан интернет трафикти эсептөө боюнча ченемдик-укуктук актынын долбоорун киргизүү тапшырылды.

Ошондой эле Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине жана Мамлекеттик салык кызматына кирген жана чыккан интернет трафикти эсептөө боюнча тиешелүү аппараттык-программалык комплексти киргизүү милдеттендирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: