super.kg logo

Москвадагы учак кырсыгы. Жүктөрүн сактоого аракет кылган жүргүнчүлөрдөн улам тыгын жаралып, арт жактагылар сыртка чыгууга жетишпей калышкан

 

Москва шаарында орун алган учак кырсыгында адамдардын каза болушунун негизги себеби айрым жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн сактап калуу аракети болгон. Мындай маалыматты айрым орус басылмалары жазышууда.

Белгилүү болгондой, жүктөрүн сактап калуу аракетин көргөн жүргүнчүлөрдөн улам тыгын жаралып, арткы бөлүктө отурган жүргүнчүлөр сыртка чыга албай калышкан.

"Учак жерге урунары менен күйө баштаган. Башаламандык жаралып, айрым жүргүнчүлөр өздөрүнүн жүктөрүн издөөгө киришкен. Учуунун алдында экипаж кызматкерлери инструктаж өткөрүп, авариялык учурларда өзүн кандай алып жүрүү тууралуу айтып беришет. Бирок дүрбөлөңгө түшкөн жүргүнчүлөр кырсык учурунда эрежелерге көңүл бурушкан эмес", - деп жазылат маалыматта.

Окуя 5-май күнү кечинде орун алган. Шереметьево аэропортунан Москва-Мурманск каттамы боюнча учкан SuperJet-100 учагы абага көтөрүлгөндөн кийин авариялык сигнал берип, кайра жерге конууга аргасыз болгон. Учактагы жалпы 78 адамдын 41и каза болуп, алардын бирөөсү экипаж кызматкери экендиги айтылууда.






Москва-Мурманск багытындагы учак кырсыкка кабылды

Шереметьево аэропортунда учак кырсыкка кабылды

Москвадагы учак кырсыгы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
06.05.2019. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын тообо тообо
06.05.2019. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тообо кылдым,өздөрү аман калышын ойлобой жүктөрүн издеппи?!Вообще жинди го аа,раз жерге конгондон кийин сразу чыгышса,өлгөн 41 адамдар да балким тирүү калмак.
06.05.2019. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жук табылат эле,паспорт,документтер жасалат эле...жан талашып жугунорду ойлогончо аркадагы адамдарды ойлосонор болмок...эми омур бою ошол жук менен жашагыла.
06.05.2019. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самолетто болгон адамдар фейзбукка жазып жатышат. Эч ким жүктөрүн сактап калабыз дешкен жок деп. Калп эле элдин башын айлантып жатышат.
06.05.2019. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
basyz-kaman, Видеодо көрүнүп эле турат го чемодандарын сүйрөп келаткандарын
06.05.2019. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самолет куйгондо биз Шереметьоводо элек. 20:50до учушубуз керек эле. 01:25 те учтук. Взлетная полосо бошобой. Жаман болду
06.05.2019. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алды жактагылар оздорун ойлоп сумкаларын издеп таап чыгып кетип,арттагылар алардын айынан арт жакта куйуп калып кеткенго дейм(((
07.05.2019. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир сумка алгыча бир адам суйлоп тушпой сунбу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: